Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

А. Сариев “Мекен шейиттеринен” кечирим сурады


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрүнөн кечирим сураганын билдирди. А. Сариев буга чейин маалымат каражаттардын биринде аталган уюмдардын артында саясий күчтөр турарын айткан эле. БШК төрагасы эгерде анын сөздөрү кимдир бирөөлөрдү нааразы кылган болсо кечирим сурай турганын айтты. Бүгүн “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү БШК төрагасы менен жолугушту. Аталган уюмдар парламенттик шайлоодо салыштырмалуу көп добуш алган “Ата Журт” партиясын парламентке өткөрбөөнү талап кылып, бир канча күндөн бери Ак үйдүн алдында нааразылык акция өткөрүп жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG