Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

“Бүтүн Кыргызстан” БШКны сотко берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын Орусиядагы айрым шайлоо участкалардагы добуштарды жокко чыгарганы боюнча сотко арыз кечээ жөнөтүлгөнүн аталган партиянын лидерлеринин бири Марат Кайыпов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 5 пайыздык чектин жогорулашы тууралуу дагы башка арыз сотко бүгүн жолдонот. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын сыртындагы 15 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган, алардын көпчүлүгү Орусияда жайгашкан. БШК мындай чечимин бул участкаларда мыйзам бузуулар көп орун алганы менен түшүндүргөн болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG