Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

А. Аскаровдун доо арызын кароо эртең Ноокенде уланат


Бүгүн Таш-Көмүр шаарында Жалал-Абат облусунун көчмө соту укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган беш адамдын доо арызын кароону улантты. Анда А. Аскаров жана дагы соттолуп жаткан үч адам сурак беришти. А. Аскаров 13-июндагы кандуу окуяга тиешеси жок экенин айтып, коюлган айыптарды четке какты. Жабырлануучу катары көрсөтмө берген милиция кызматкерлери А. Аскаров Ош-Бишкек жолундагы тополоңго катышканын айтып, милиция кызматкерин өлтүрүүгө буйрук бергендердин арасында болгон, деп көрсөтмө беришти. Сот процесси эртең Ноокенде уланат. Анда калган жабырлануучулар, күбөлөр көрсөтмө беришет. Окуяга байланыштуу далил буюмдар, видео материалдар көрсөтүлөт.

А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А.Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Соттун бул өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG