Белгилүү журналисттер Иво Пуканич менен Нико Франжичти өлтүргөн деп айыпталган алты кишини сот 15 жылдан 40 жылга чейин эркинен ажыраткан өкүмүн бүгүн чыгарды. “Nacional” гезитинин редактору менен кабарчысын 2008-жылы машинесине дүрмөт коюп, жардырып жиберишкен. Алар көбүнчө коррупция, кылмыштуу топтордун ишин иликтешкени менен таанылган эле.