Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

АКШ: Шайлоо тышкы саясатты кайсыл нукка бурат?


АКШда ушул шейшембидеги өткөөл шайлоодо Конгресстеги эл өкүлдөр жыйынында көпчүлүк орунду Республикалык партия утуп алды. Алар президент Барак Обаманын ишин катуу сынга алышкан. Шайлоодо демократтардын жеңилиши АКШнын тышкы саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?

Конгресске өткөн шайлоодо Республикалык партиянын жеңиши Кошмо Штаттарынын тышкы саясатына өзгөчө таасир этээри айтылууда.

Эксперттер, маселен, Иранга карата мамиле азыркыдан курчуйт, Орусия менен алака дагы оорлошот, Ооганстандан аскерлерди чыгаруу артка жылдырылышы да ажеп эмес дешет.

Алдыңкы бир нече айда Американын союздаштары менен душмандарын таң калтырган окуялар болуп кетиши мүмкүн.

"Чай ичкен" оппозиция

Азырынча кырдаалдын так аныкталбай жатышына АКШ да “Чайга чакыргандар” же “Tea Party” деген консервативдүү кыймылдын күчөшү себеп болуп жатат. Дал ушул кыймылдын шайлоодогу активдүүлүгү республика партиясына эл өкүлдөр жыйынына көзөмөлдү күчөткөнгө көмөк болду.

“Чай берүүчүлөр” кыймылы шайлоодо президент Барак Обамага каршы чыккан оппозициянын айланасында бирикти. Атап айтканда, алар президенттин саламаттыкты сактоо, экономиканы жандандыруу өңдүү улуттук программаларына нааразылык билдиришти. Бирок тышкы саясат боюнча бул кыймылдын позициясы азыр так эмес экени байкалат.

Анткен менен азыркыдай маанилүү шайлоодон кийин деле Американын тышкы саясатында олуттуу өзгөрүү деле болбойт дегендер да аз эмес. АКШнын конституциясы президентке тышкы саясаттын багыттарын аныкташ үчүн кеңири укук берет. Анын үстүнө, Обаманын демократиялык партиясы президенттин демилгелерин колдоодо өзгөчө ролду ойной турган Сенатта баары бир көпчүлүк орундарын сактап калды. Ошол эле учурда, Ак Үйдүн айрым маанилүү маселелер боюнча чечимдерине каршылыгын көрсөтүш үчүн республикачылдарга да эл өкүлдөр жыйынында күчтүү микрофон берилип жатат.

Эң эле маанилүүсү – республикачылдардын жеңиши аларга Эл өкүлдөр палатасындагы баардык негизги комитеттерди көзөмөлдөө укугун берет. Алардын башына тышкы саясатта мол тажрыйбасы бар жалаң консервативдүү лидерлер келиши ыктымал.

Үндүн "үстөмдүгү" күчөйт

Америкалык мурдагы дипломат, азыркы аналитик Эллиот Абрамс саясатта мына ушундай лидерлердин келиши АКШнын Иранга каршы позициясынын күчөшүнө алып келет дейт.

“Менимче, республикачылдар уранды байытууга жол берип койгон сүйлөшүүлөрдүн кереги жок дешет. Алар Иран менен кандай гана сүйлөшүү-келишим болбосун, уранды байытпаган шартта түзүлүшү лаазым деп эсептешет, - деди аналитик Эллиот Абрамс. - Алар президенттик администрация Иранга каршы киргизип жаткан экономикалык санкцияларды колдоону күчөтүшөт деп ойлойм”.

Конгресстеги саясий климаттын өзгөрүшү Вашингтон менен Москванын мамилелерине да таасирин этиши ажеп эмес. Өзгөчө маселе чыгарчу келишимдердин катарында стратегиялык куралдардын санын кыскартуу тууралуу START келишими талкууга алынышы мүмкүн.

Эки өлкөнүн тең президенттери ядролук дүрмөттөрдүн санын 1550 даанага түшүрүүнү талап кылган келишимге кол коюшкан. Бирок Орусиянын Мамдумасы да, АКШнын Сенаты да аны азырынча жактырыша элек. Республикачылдар бул маселе боюнча добуш берүүдө да Обаманын башын оорутушу мүмкүн дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG