Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Конституциялык соттун мурдагы мүчөлөрү жоопкерчиликтен кача албайт


Айыпталып аткан Конституциялык соттун мурдагы мүчөлөрү жоопкерчиликтен кача албайт. Бул тууралуу аларга карата кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура маалымдайт.

Анда, айыпталып аткан Конституциялык соттун мүчөлөрү президент Роза Отунбаевага кайрылышканы, аларга кылмыш ишинин козголушун мыйзамсыз деп эсептешери жана Башкы прокуратуранын мындай аракетин токтотууну суранышканы айтылат. Башкы прокуратура буга байланыштуу айыпталуучуларга эскертип, алар жогорку деңгээлдеги юрист болгон соң президентке кайрылбай, Башкы прокуратуранын аракетин сот аркылуу териштирсе болмоктугун билдирет. Ошондой эле маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын жетекчиси алмашкан күндө да мурдагы бийликтер тушунда баш мыйзамды кайра-кайра өзгөртүп, авторитардык бийликти бекемдөөгө шарт түзүп беришкен Конституциялык соттун мурдагы мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши токтотулбасы баса белгиленет.

Эскерте кетсек, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова баш болгон бир катар мүчөлөрүнө 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдары кызмат абалынан аша чаап баш мыйзамды өзгөртүшкөн деген сыяктуу айыптар тагылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG