Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Жоомарт Оторбаев депутаттыктан баш тартты


“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп турган Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуудан баш тартты. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирет. Ж.Оторбаев депутаттыктан баш тартканы тууралуу арызын кечээ жазган. Ал өз кадамын депутат болбой туруп эле мамлекетке пайда келтирүүнү чечкени менен түшүндүрүүдө. Эми анын ордун партиянын тизмесинде он тогузунчу болуп турган Акуналы Досалиев толуктамакчы.

Жоомарт Оторбаев “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү эмес, бирок 10-октябрда өткөн шайлоодо аталган партияны колдоп чыгууга макулдук берген. Ал Европалык өнүктүрүү жана реконструкция банкынында башкы кеңешчи кызматында иштейт. Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда экономика тармагын тейлеген вице-премьер-министрлик кызматында иштеген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG