Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Бүгүн Ноокенде А. Аскаровдун доо арызы каралат


Бүгүн Ноокен районунда Жалал-Абад облусунун көчмө соту укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган беш айыпталуучунун доо арызын кароону улантат. Кечээ ушул эле соттук процесс Таш-Көмүр шаарында өткөн. Анда А. Аскаров баш болгон үч айыпталуучу сурак беришти. А.Аскаров 13-июндагы кандуу окуяга тиешеси жок экенин айтып, коюлган айыптарды четке какты. Жабырлануучу катары көрсөтмө берген милиция кызматкерлери А. Аскаров Ош-Бишкек жолундагы тополоңго катышканын айтып, “милиция кызматкерин өлтүрүүгө буйрук бергендердин арасында болгон” деп көрсөтмө беришти. Бүгүн болсо калган жабырлануучулар, күбөлөр көрсөтмө беришет. Окуяга байланыштуу далил буюмдар, видео материалдар көрсөтүлөт.

А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А.Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Соттун бул өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG