Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Сербия президенти Хорватияда согуш курмандыктарын эскерет


Борис Тадич Хорватиядагы бүгүнкү сапары учурунда коңшу өлкөнүн түндүгүндөгү Овчара деген кыштактагы мемориалга барган жатат. Ал жерде 19 жыл мурун, Хорватиянын мурдагы Югославиядан көз карандысыздык үчүн согушунда жергиликтүү ооруканадан улуту серб эмес 260 адам кырылып, бир көрүстөнгө көмүлгөн. Серб президенти ошондой эле согуш учурунда хорват күчтөрү тарабынан 20дай серб өлтүрүлгөн кыштакка да барат. Борис Тадичти Хорватиянын президенти Иво Йосипович коштоп жүрмөкчү. Хорватия менен Сербия Евробиримдикке кирүүнү көздөгөндүктөн, учурда согуштан калган жараны айыктырып, мамилелерин оңдоого умтулууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG