Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

ЕККУ АКШдагы шайлоону мактады жана сынга алды


ЕККУ уюмунун чет элдик байкоочулары АКШда Конгресс үчүн 2- ноябрда өткөн шайлоону адилет шайлоо катары мактады. Бирок ага катар өнөктүктү каржылоо системасында проблемалар бардыгын белгилешти. ЕККУ делегациясынын башчысы Жоао Суарештин айтымында, АКШнын жол- жоболору саясий жарнамынын артында турган акча боюнча көбүрөөк ачыктыкты талап кылбайт. Мындай жагдай шайлоодогу айкындуулукка жана жоопкерчиликке шек келтирүүдө. ЕККУ өкүлү ошондой эле шайлоонун бир катар учурларын “катаал жана ыплас” деп атады.

Бул аралыкта президент Барак Обама өткөөл шайлоодо жеңишке жетишкен Республикалык партия менен кызматташууга даяр экендигин билдирүүдө.

Ал кечээ Вашингтондо шайлоонун жыйынтыгын комментарийлеп жатып белгилегендей, бул шайлоо америкалыктар өлкөнүн экономикалык абалына канчалык тынчызданганын көргөздү:

-Элдин эң биринчи тынчыздануусу экономика экендигинде эч шек жок. Алар жакшы канаатанбагандыгын билдиргендиги – биз экономикада жетиштүү прогресс жасай албагандыгыбыз. Биз экономиканы стабилдештирдик, жеке сектордо жумушту көбөйттүк. Бирок бүткүл Америка боюнча адамдар прогрессти сезбей жатат.


Барак Обама ага катар эгер Республикалык партияда дагы бир маанилүү маселе - өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын кантип жакшыртуу боюнча идеялары болсо, аларды карап көрүүгө даяр экендигин айтты. Конгресске 2-ноябрь күнү болгон шайлоонун натыйжасында Эл өкүлдөр палатасындагы көзөмөл Республикалык партияга өтүүдө. Республикачылар жогорку палата - Сенаттагы орундарынын санын да алтыга көбөйттү, бирок демократтар бир аз артыкчылыгын сактап калды.

XS
SM
MD
LG