Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Базар-Коргондогу кандуу окуя боюнча сотто дагы 5 күбө көрсөтмө берди


“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, сотто УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы, ошол кызматтын 3 оперативдүү кызматкери жана окуяны алгач териштирген тергөөчү көрсөтмө берди. УКМКнын өкүлдөрү 12-июнда Шайдуллаев көчөсүн укук коргоо кызматкерлери ачтыргандан кийин соттолуучу Минора Мамазалиева кайра келип жаптыргандыгын айтышты. Алар ошондой эле 13-июнда Кара-Үңкүр дарыясындагы көпүрөнүн жанында Азимжан Аскаров болгондугун ырасташты.
Кечээ Таш-Көмүрдө өткөн сот жараянында соттолуучулар милициянын кысымы менен айыптарын мойнуна алууга аргасыз болгондугун айтышкан. Бүгүн көрсөтмө берген тергөөчү менен беттешкенде, алар кайра айткандарын тастыктай алышкан жок. Тергөөчү тергөө мааалында уруп согуу болбогонун, эки соттолуучудан башкасынын баары айыптарын мойнуна алгандыгын билдирди. Сотто окуя маалында соттолуучу Розубаевдин үйүнөн табылган учуна мык кагылган таяктар, соттолуучу Мувлакунов жасаган жасалма кылычтар, бычактар далил буюм катары көрсөтүлдү. Азимжан Аскаровдун үйүнөн табылган ок дарылар да көрсөтүлдү. Түштөн кийин Азимжан Аскаровдун үйүнөн табылган дикс, видеокассеталар көрсөтүлөт.

Өткөн сот жараянында Азимжан Аскаров бул патрондордун ага тиешеси жок экендигин жана үйүнөн табылган видеокассеталарды оштогу Рафик кары деген молдо таратууга бергенин айткан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG