Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

А. Атамбаев: Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Шайлоо демократиялык принципте эркин өткөндүгүн белгилеген Алмазбек Атамбаев СДПКпартиясы ушул тапта коалиция түзүү боюнча “Республика” партиясы менен сүйлөшүүлөр болгонун жана алар “Ата мекен” партиясын коалицияга кошууга кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөргө “Республика” партиясы менен “Ата мекен” партиясынын ортосундагы пикир келишпестиктер, партиянын тышкы саясатка болгон мамилелери кедергисин тийгизип жатат. Алмазбек Атамбаев “Ата журт” жана “Ар-Намыс” партиясы менен да иштешүүгө даяр экендигин кошумчалады.
“Ата мекен” партиясынын лидеринин орун басары Равшан Жээнбеков коалиция түзүү боюнча аларга Социал-демократтардан да, “Республика” партиясынан сунуш түшпөгөндүгүн, бул жаатта сүйлөшүүлөр болбогондугун “Азаттыкка” билдирди. Ал партия тышкы саясатта Орусия, батыш өлкөлөрү жана АКШ менен мамиле түзүү максатын көздөрүн белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG