Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

“Ата Журт” партиясына нааразылардын митинги өтөт


“Ата Журт” партиясынын ишин токтотууну талап кылгандар бүгүн Юстиция министрлигинин алдында нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын демилгечилеринин бири Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев шайлоо өнөктүгү маалында Конституцияга каршы келген кеп-сөздөрдү таратып, мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келерин, коомчулукту бөлгөн трайбалисттик ойлорду айткан.

К.Ташиевдин мындай билдирүүлөрү чындык экендигин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев да жарыялап, аны атайын белгиленген экспертиза далилдегенин айткан болчу. Бирок К.Ташиевдин өзү интернетке жарыяланып кеткен аудио жана видеолор жасалма экендигин, аны каралоону каалаган күчтөр көө жаап атышканын айткан болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG