Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Евробиримдик Украинанын жергиликтүү шайлоосун сынга алды


Биримдиктин Киевдеги өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон байкоочулардын шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча маалыматтарына камтамачылык билдирген. Жекшембиде өткөн жергиликтүү шайлоонун расмий жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бирок сурамжылоолор президент Виктор Януковичтин Региондор партиясы жеңишке жетишкенин көрсөткөн. Евробиримдикке чейин Украинанын жергиликтүү шайлоосун АКШ сынга алып, ал демократиялык талаптарга жооп бербей калганын белгилеген эле.

Бул аралыкта кечээ азыркы өкмөттүн салык реформасына каршылык билдирип, Киевде чакан бизнестин 2 миңдей, Львов шаарында 2,5 миңдей өкүлү митингге чыкты.

XS
SM
MD
LG