Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

ЖККУга мүчө өлкөлөр Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаалга кабатыр


Бул тууралуу БУУнун башкы ассамблеясында Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин билдирди. ЖККУнун атынан сүйлөгөн орус элчисинин айтымында, Борбор Азиянын уюмга мүчө төрт өлкөсү: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан Ооганстандын түндүгүндө бейстабилдүүлүктүн күчөшүнө кабатыр. Орус элчиси ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген жети мамлекет НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүн өлкөнүн түштүк жана башка аймактарында согушкерлер менен күрөштө “натыйжасыз тактикаларды” токтотууга чакырарын, антитеррордук аракеттер биринчи кезекте экстремисттерди жок кылууга багытталыш керектигин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG