Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Өзгөндө бала бакчада катылган курал-жарактар табылды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан кабарланды. Ага ылайык, 30-октябрда ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Оштун Өзгөн шаарындагы “Булбулча” деп аталган бала бакчада ок атуучу курал-жарактар, ок-дары, жарылуучу заттар жана мык кагып колго жасалган бир топ жарактар табылды. Азыр бул иш боюнча баллистикалык жана башка экспертизалар дайындалып, кылмышка тиешеси барларды издөө иштери жүрүп жатат. Учурда Кыргызстандын түштүк аймагында Коопсуздук кызматы Ички иштер министрлиги менен бирге элдин колунда калган курал-жарактарды алуу боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG