Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Кытай жана Франция стратегиялык өнөктөш болот


Кытай жана Франция өзөктүк кубат жаатында стратегиялык өнөктөш болууну макулдашты. Мындай жарыя Кытай президенти Ху Цзинтаонун Франциядагы үч күндүк сапарынын башталышында жарыяланды. Француз президенти Николя Саркозинин айтымында, эки өлкө бул жаңы план боюнча өзөктүк реакторлорду курууда, өзөктүк отунду даярдоодо, кендерден уран казып алууда бирге иштешет. Ошондой эле кызматташтыктын натыйжасын үчүнчү тарапка сатууну да карап көрүшөт. Кечээ Парижде эки өлкөнүн компаниялары ортосунда наркы 20 миллиард долларга эсептелген келишимдер түзүлдү. Алардын алкагында Франция Кытайды уран менен камсыздайт, мындан сырткары “Airbus” компаниясы чыгарган учактардан 100дөн ашуунду сатат. Париждеги Елисей сарайында эки тараптын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан учурда адам укугун коргоочулар, активисттер Эйфел мунарасы жанында француз бийликтерин сүйлөшүүлөрдө Кытайдагы адам укуктары маселесин көтөрүүгө чакырган демонстрация өткөрүштү.

Президенттер Николя Саркози менен Ху Цзинтао тараткан биргелешкен билдирүүдө Кытай менен Франция "Чоң жыйырманын" тобуна кирген өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эл аралык каржы системасын коопсуз кылып кайрадан негиздөөсү керек деп эсептери айтылган. Франция келерки аптадан тарта "Чоң жыйырмалыктагы" төрагалыкты өткөрүп алат. Президент Саркозинин айтымында, алардын төрагалыгы учурунда негизги көңүл экономикасы ири өлкөлөр ортосунда акча алмашуу курсу жана чийки заттардын баасы боюнча координацияны жакшыртууга бурулат.

XS
SM
MD
LG