Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

АКШ президенти Азия боюнча сапарга аттанууда


Вашингтондон жолго бүгүн чыгып жаткан Барак Обаманын Азия боюнча сапары он күнгө эсептелген. Ал бул мезгил аралыгында Индия, Индонезия, Түштүк Корея, Жапонияда болот. АКШ президенти адегенде Индиянын Мумбай шаарында токтоп, ал жерде коопсуздук маселесин көтөрөрү күтүлүүдө. Эки жыл мурда ушул шаарда согушкерлердин кол салуусунан 160тан ашуун киши каза тапкан. АКШ президентинин сапарын утурлай америкалык расмий өкүлдөр Индиянын маалымат каражаттары тараткан кабарды төгүндөштү. Алар АКШнын армиясы Индиянын жээгинде 34 кемесин жайгаштырган жатат, Обаманын визитинин коопсуздугун камсыздоо үчүн күнүнө 200 миллион доллар сарпталат деген маалымат таратышкан эле. Индиядан соң АКШ президенти Индонезияга барат. Бул өлкөдө Обама бала кезинде төрт жылдык өмүрүн өткөргөн. Инонезиядан соң АКШ президенти Түштүк Кореяга барып, Чоң жыйырманын, андан кийин Жапонияда Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG