Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

“Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери Бишкекте пикетке чыкты


Ушул тапта “Бүтүн Кыргызстандын” 80дей тарапкери Бишкектеги Биринчи май райондук соттун алдында нааразылык акцияга топтолушту. Алар колдоруна “Сот БШКнын эмес, элдин сөзүн айт”, “Элдин санын жасалма көтөргөндөргө наалат”, “Чындык БШКда эмес” деген жазууларды кармап турушат. Аталган партиянын лидерлеринин бири Марат Кайыпов “Азаттыкка” бул өз тарапкерлеринин добуштарын колдогон жана коргогон тынч акция экенин айтып, сотко басым катары каралбашы керектигин белгиледи. Азыр ушул тапта Биринчи май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” жана “Жашасын Кыргызстан” партияларынын шайлоо боюнча арыздары каралууда. "Бүтүн Кыргызстан" БШКны парламентке жол ачкан 5 пайыз чекти жогорулатып жиберди деп күнөлөөдө. БШК болсо мындай дооматтарды четке кагып келет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG