Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Г. Абдрахмановго байланыштуу дарыгерлер көрсөтмө беришти


Бүгүн “Санпа” окуясы боюнча соттук териштирүүдө айыпталып жаткан мурунку милиция кызматкери, подполковник Гафуржан Абдрахмановдун ден соолугуна байланыштуу дарыгерлер көрсөтмө беришти. Бишкектеги Республикалык психикалык ден соолук борборунун дарыгерлери Жекшен Аралбаев менен Сулейман Кыдыралиев Г. Абдурахмановду экинчи ирет экспертизадан өткөргөндө депрессиялык абалда болгонун, аны текшерип дарылагандан кийин суралышы керектигин айтышты. Ушундай эле пикирин Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психикалык оорукананын жетекчиси Мырзакмат Курманалиев да билдирди. Г. Абдрахмановду биринчи текшергенде дарыгерлер акыл-эси жайында деп аныктама беришкен. Бүгүн сотто көрсөтмө берген дарыгерлер судья ушул жагдайды эске алып, биринчи же экинчи экспертизанын жыйынтыгына карап чечим чыгарышы керектигин белгилешти. Г. Абдрахманов 12-13-июнда Сузактагы “Санпа” пахта заводунун тушундагы кандуу окуяларга тиешеси бар деп айыпталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG