Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Шайлоо тууралуу партиялардын арыздарын кароо кийинкиге калды


Бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызын кароону 10-ноябрга жылдырды. Буга Орусиядагы айрым шайлоо бекеттериндеги добуштарды жокко чыгарылышы боюнча экспертизанын жыйынтыгы тууралуу документтин жоктугу себеп болду. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясын Орусиядагы айрым шайлоо участкалардагы добуштарды негизсиз жокко чыгарды деп айыптап сотко кайрылган. БШК бул шайлоо участкаларда мыйзам бузуулар көп болгон деп түшүндүрүүдө. Биринчи май райондук соту бүгүн убакыт жетпей калганына байланыштуу “Жашасын Кыргызстан” партиясынын шайлоо тууралуу арызын кароону 9-ноябрга жылдырды. Аталган партия шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG