Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

Грузияда Россиянын 13 тыңчысы кармалды


Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, алардын төртөө Россиянын атуулдары жана Грузиянын чалгындоо кызматынын ийгиликтүү операциясы Россиянын башкы чалгындоо кызматына урулган “чоң шапалак” болду. Министрликтин контр-чалгындоо департаментинин орун басар башчысы Отар Оржоникидзе: "Бул операциянын ийгиликтүү болушуна өкмөттүн чет өлкөлөрдүн жашыруун кызматтары менен байланышын мойнуна алган жарандарга мунапыс берүү жөнүндөгү 2006-жылкы токтому чоң огожо болду. Бул операция бир нече адам Ички иштер министрлигине айыбын мойнуна алып келгенден кийин өткөрүлдү", -деп маалымдады.

2008-жылы августта россиялык аскерлер Грузияга басып кирип, грузин күчтөрүнүн жикчил Түштүк Осетияны сомго салуусуна бөгөт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG