Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

Кыргыз өкмөтү "Мина" боюнча АКШга кайрылды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздаган “Мина Корп” ишканасы боюнча атайын билдирүү жасады. Жума күнү жарыяланган билдирүүдө апрель окуялары транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоонун жемсөөлүк жолдорун ашкере кылганы белгиленип, тергөө бүткөнчө АКШ өкмөтүн “Мина Корп” менен кызматташпоого чакырат. Ошондой эле “Манас” борборуна күйүүчү май ташууну коомчулук үчүн ачык-айкын жүргүзүү суралат. Себеби, мурдакы президент Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги тушундагы “коррупциялык схема Кыргыз элинин керектөөсүнө Россиядан келген күйүүчү материалдардан алынган экспорттук төлөмдөр өлкө жарандарынын мойнуна кошумча борч болду”,- деп белгиленет Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Пентагон 3-ноябрда "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоо боюнча тендерди Гибралтарда катталган “Мина Корп” утканын маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG