Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Музей да билим-таалим бешиги


Шөнбрунн аксарайындагы балдар музейинде этнографиялык сабак өтүүдө. 2010-ж., 23-октябр. TCh.
Шөнбрунн аксарайындагы балдар музейинде этнографиялык сабак өтүүдө. 2010-ж., 23-октябр. TCh.

Венадагы Шөнбрунн аксарайынын бир ыптасында балдар музейи бар. Мында кудум тарыхтагы эски доорлордогудай тигилген кооз кийимдерди балдарга кийгизип туруп сабак өтүүгө болот.


Аксарай

Алтын күздүн бир ажайып учурларынын биринде Австриянын борбору Вена шаарына барып калдык. Мында мурдагы Австрия-Венгрия дөөлөтүнүн өкүмдарларынан калган Шөнбрунн аксарайы (Schloss Schönbrunn) жайгашкан.

Бир кезде ал Габсбург (Habsburg) сулалесинин жана Австро-Венгрия падышалыгынын (1867-1918) “каймагынын” турмушу өткөн жана карапайым калайык үчүн жабык болгон жай болчу.

1960-жылдардан тартып ал туристтердин көксөгөн жайына айланган. 1996-жылы бул аксарай (анын аталышы австриялык немис тилинде Schoene Brunnen - “ажайып булактар” деген сөздөн келип чыккан) ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Ошол сарайга үй-бүлөбүз башпактык, бакчасындагы жашынмак ойногон атайын бадал лабиринтке маашырландык.

Баарынан кызыгы – Шөнбрунн аксарайынын батыш ыптасындагы балдар музейинин өзгөчөлүгү болду.

Мында 18-19-кылымдардагы падышалык жана ак сөөктүк сөөлөттү камтыган көз жоосун алган кийимдер (чапан, этектүү көйнөк, үч бурчтуу калпак жана башкалар) кийим илгичтерде жеткинчектерди күтүп турат экен.

Шөнбрунндагы балдар музейине келген түрк айымдар музейдеги кийимдерди балдары менен чогуу кийип, сүрөткө түшүүдө. 2010-ж., 23-октябр. TCh.

Бул ажайыпкананы аттаган эле жеткинчектер музейдин буюмдарын таңданып карап тим болбостон, дал ушул кийим-кечек бөлүмүндө каалаган кийимин өзүнө ченеп кийе алат экен.

Кооз күзгүлөрдүн көптүгүн айт.

Бери жакта түстүү чоң сүрөттө өткөн замандагы падышалык ак сарай турмушу чагылдырылган.

Ал сүрөттүн жанына туруп алып өзүң да тарыхый кийим менен эстеликке сүрөткө түшө аласың.

Биз экспонаттарды карап жатканда теги түрк боордоштордон болгон бир нече жаш келин балдары менен бөлмөгө келишип, кожурашып, чуркураган балдары менен жарышып улам бир кийимди кийип, сүрөткө түшө башташты.

Унутулгус сабак

Бир маалда мотурайган он чакты окуучусун ээрчитип бир жаш мугалим эжеке кийимдер залына келди да, окуучу балдарга каалаган кийимдерин тандап кийүүгө мүмкүндүк берди.


Веналык жаш мугалим Шөнбрунндагы балдар музейинде тестиерлерге сабак өтүүдө. 2010-ж., 23-октябр. TCh.
Андан соң жеткинчектер килемге отурушту

Чөгөлөгөнү бар, малдаш урганы, кыңайып отурганы бар.

Элейгени, олуттуусу, оюнкараагы бар.

Алар тарыхый кийимдерди кийген бойдон эжекесинин өткөн доор тууралуу аңгемесин кунт койуп уга башташты.


Мага бул өзгөчө сабак да, чындык менен жомок жуурулушкандай сөзгө эрип, бойпоюп угуп отурушкан балдардын маанайы да ичти элжиреткендей жагымдуу таасир калтырды.


Бул тажрыйба бизге деле ылайык


Ала-Тоодо деле тарыхый-этнографиялык музейлер көбөйүп калды.

Жер-жерлерде өз кичи мекенинин кадырын билген далай азаматтар жергиликтүү этнографиялык ажайыпканаларды негиздеп, каржылай башташты.

Буранага, Сулайман-Тоодогу, Чолпон-Атадагы, Таластагы, Кошой-Коргондогу жана башка музейлерге окуучуларды экскурсияга алып барган агай-эжекелер көп эле.

Менимче, музейлер жана анын сүрөөнчүлөрү, каржылоочулары Шөнбрунндагыдай шартты жарата алат болуш керек.

Манастын калканы, Барсбектин кылычы, Каныкейдин элечеги, Айчүрөктүн шөкүлөсү, Токтогулдун комузу, Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагындын калеми, бабалардын дойбусу, алардын бала чактагы сака-чүкөсү, байыркы Эне-Сайдагы жоокердин жаа, жебе, саадагы, эски доордогу кыздардын чийден жасаган куурчагы, деле койчу, канчалаган тарыхый-этнографиялык катмарларды чагылдырган буюм-тайым, оюнчуктарды кол өнөрчүлөрүбүзгө жаңыдан жасатып, тестиер балдар ойношу үчүн музейлерге тапшырууга болот!

Тестиерлер сайма сайганды, шырдак шырыганды, килем токуганды, боз үйдүн уук-керегесин жасаганды, ээр чапканды жана башка өнөрлөрдүн түрлөрүн атайын алар үчүн калтырылган өнөрдүн, узчулуктун, усталыктын материалдарын колуна кармап, анча-мынчасын өз колу менен жасап үйрөнө алышат.

Музейлер кол өнөрчүлүк буюмдарынын анча-мынчасын сувенир кылып сатууга сунуштаса кандай сонун!

Сатык жагына келсек, биздин айрым музейлер мындай каржылык көмөкчү иш-чараларды четинен жүзөгө ашыра башташты.

Жергиликтүү уздардын буюмдары келген көрөрмандарга сатылып жатканын, маселен, тээ тоо койнундагы Нарын шаарында жайгашкан көркөм галереядан өз көзүм менен көрүп, ыраазы болдум.

Бирок Ала-Тоодогу ири жана чакан ажайыпканалардын таалим булагы катары ирденүүсү үчүн алар жалпы улуттук камкордукка жана атуулдук сүрөөнгө өзгөчө муктаж экени айтпаса деле түшүнүктүү.
XS
SM
MD
LG