Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Ооганстанда жанкечти 9 кишинин канын төктү


Ооганстандын батышында жанкечти базарда жардырган бомбадан кеминде 9 киши өлдү жана 30дай адам жарадар болду. Полиция акиминин маалымдашынча, чабуулдун бутасы Фаряб провинциалдык кеңешинин төрагасы Молдо Рахматулла Түркистани болгон. Жардырууда Түркистани жараат алганы кабарланды.

Президент Хамид Карзай бомба чабуулун “исламга сыйбаган жосун” деп атап, мындай аракеттер Ооган өкмөтүнүн өлкөдө тынчтык орнотуусуна каршы багытталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG