Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Румынияда Холокост доорундагы мазар табылды


Румынияда Экинчи дүйнөлүк согуш кезинде чоң топ менен өлтүрүлгөн жөөттөрдүн бейити табылды. Холокостту изилдөөчүлөрдүн айтышынча, Бухаресттен 300 чакырымдай түндүк чыгыштагы Попричани шаарынын четиндеги токойдо 1941-жылы өлтүрүлгөн эркектер, аялдар жана балдар болуп 100 жөөт көмүлгөн экен. Эсептөөлөр боюнча, 1940-44-жылдары Маршал Ион Антонеску башындагы фашистчил өкмөт бийликте турганда Румынияда 280 миң жөөт жана 11 миң цыган өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG