Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Кытайдын Валюта корундагы добуштары кескин көбөйтүлдү


Эл аралык Валюта кору экономикасы тез өсүп, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн добуштарын көбөйтүүгө макул болду. Натыйжада, дүйнө боюнча карыз берген бул кордо Кытай добуштардын саны боюнча үчүнчү орунга көтөрүлдү. Өткөн айда Түштүк Кореяда жетишилген келишимге ылайык, кор добуштардын алты пайызын өнүккөн өнөр жайлуу мамлекеттерден “экономикасы дүркүрөп өсүп” жаткан өлкөлөргө өткөрдү. Ошону менен Кытай Германия, Франция, Британиядан көп добушка ээ болду. Кытайдан АКШ менен Жапониянын гана добуштары көбүрөөк. Индия, Бразилия жана Орусия да 187 өлкө кирген Валюта корунда добуштары эң көп он өлкөнүн катарына кошулду.

XS
SM
MD
LG