Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Ошто жер басып алуу аракеттери болуп жатат


"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Ош шаарынын четинде Кара-Суу районундагы Ишкеван айылынын тургундарынын жер үлүштөрүн басып алуу аракети болуп жатат. Июнь коогалаңында жабыркагандарбыз деген миңге чукул киши жергиликтүү бийликтен жер бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Алар өкмөт тарабынан жардам берилбегенинен ушундай жолго барып жаткандыктарын билдиришкен. Азырынча жер үлүштөрүнүн ээлери өздөрү келе элек, алардын айрымдары өз түшүмдөрүн толугу менен жыйнап бүткөн эмес. Райондук Кара-Суу акимчилиги буга чейин бул айдоо аянты үлүш жер экендигин жана эч кимге чекке берилбестигин билдирген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG