Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

“Ош шейиттери” уюмунун мүчөлөрү да жер басып алуучуларга кошулду


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын билдиришинче, ушул тапта “Ош шейиттери” кыймылынын 30 чакты мүчөсү келип, өздөрүнө жер ченеп алышып, ал жерге июнь коогалаңы учурунда каза тапкан жакындарынын сүрөттөрүн илип коюп турушат. Бүгүн эртең мененки саат ондон тарта жерди ченеп, бөлүштүрүп жаткандар Ош шаарына жакындап калышты. Ушул тапта чогулгандардын саны миңден ашты.

Бүгүн жер басып алуучулар менен жолугушууга келген облус губернаторунун биринчи орун басары Кушбек Тезекбаев бул жерлер бирөөлөрдүн үлүшкө берилген жери экенин жана аны басып алуу мыйзамсыз экенин айткан. Ал “Азаттыкка” жер басып алууларды абалды дестабилдештирүүгө кызыкдар күчтөр уюштуруп жаткандыгын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үлүш ээлерине жерди басып алууга жол берилбестигин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүктөн алар бүгүн эл чогулган жерге келишкен жок. Ош коогасында жапа чеккенбиз деген миңге чукул адам бүгүн Ош шаарынын четиндеги айдоо аянтын өз алдынча бөлүштүрүп кирген. Алар азырга чейин тарай элек. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG