Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Орусияда белгилүү журналист реанимацияда жатат


"Коммерсант" гезитинин белдүү кабарчысы Олег Кашинге өткөн түнү үйүнүн сыртында белгисиз адамдар кол салган. Дарыгерлер аны дарылоо мезгилинде жасалма жол менен уктатып коюшту. "Коммерсант" гезитинин билдиришинче, Кашиндин өйдөңкү жана ылдыйкы тиш сөөктөрү сынган, мээси чайкалган. Эки бутунун сөөктөрү да сынган. 30 жаштагы Кашин "Комерсантта" демонстрацияларды, оппозициянын жыйындарын, жаштардын иш-аракеттерин жана ошондой эле президент Дмитрий Медведевдин ишмердүүлүгүн чагылдырып келген. Медведев өлкөнүн баш прокуратурасына жана ички иштер министрлигине Кашинге кол салуунун үстүнөн тергөөнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG