Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Талас: бир жумада төрөттөн үч аял ажал тапты


Аялдар төрөттөн ажал тапкан учурлар өлкөнүн башка аймактарында да көбөйүп кеткени буга чейин айтылып келген. (Сүрөттө: Оштогу оорукананын төрөт бөлүмү.)
Аялдар төрөттөн ажал тапкан учурлар өлкөнүн башка аймактарында да көбөйүп кеткени буга чейин айтылып келген. (Сүрөттө: Оштогу оорукананын төрөт бөлүмү.)

Төрөттөн кайтыш болгон келиндин бирөөсүнүн жакындары бул окуяга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгонун айтышууда.

Төрөттөн ажал тапкан үч аялдын бири - Бакай-Ата районундагы Кен-Арал айылынын 27 жаштагы тургуну Айша Рыспекова. Маркумду акыркы сапарга узатып жаткан балдары “апалап” ыйласа жан адам чыдап тура албайт. Улуусу сегиз, кичүүсү бир жарым жаштагы үч кыздын энеси Айша Рыспекова 25-октябрда облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө түшкөн.



Кептин баары арзан дарыдабы?

Айшанын бир тууган эжеси Рейла сиңдиси биринчи барган күнү ооруканага кабыл алынбай, эртеси жаткырылганын айтат. Айша эжесине дарыгерлер жатынынан суу кетип калганын билдиргенин, бирок жакшы карабай жатканын 30-октябрда айткан экен:

- «Врачтарга бир нерсе кылгылачы, мени карабай жатат» дегенинен пакет жасатып, алып барсак «инфекция кирип абалы оор болуп жатат, буга чейин арзан-арзан дары бергенсиңер, «арзандын тузу татыбайт» демекчи эми миллион берсеңер да алып кала албайсыңар»,- деп төрөт бөлүмүнүн башчысы Нургүл Аскаровна мага чыкылдады. Акчаны аябайбыз канча сурасаңар берели, дарылар канча турат десек, «ал дарылар бизде жок, Кумара эжеңер жаңы Бишкектен келди, ошого кайрылгыла»,- деди. Ага барсак «врачыңар менен эсептештиңер беле?», - деп сурап калды. Жок десек «төрт миң сом бересиңер», - деди.

Кайтыш болгон келиндин аталаш агасы Ормошбек Маймурунов болсо сөөктү текшерген соттук-медициналык эксперттик комиссия дарыгерлер өз учурунда ийне сайбаганын тактаганын айтат:

- Колунда сайылган ийненин издери бар болгону менен ал жерлер көгөрүп калган. Эксперттердин айтымында, ийне (укол) жан берээр алдында, денеден кан жүгүрбөй калган учурда сайылган.

Иштин аныгы чыгаарына күмөн саноо көп

Бул иштин ачык-төгүнү калыс каралаарына күмөн санаган кайтыш болгон келиндин иниси Таласбек Рыспеков дарыгерлер эжеси көз жумганын угузган соң, оорулуунун таржымалын жазган китепчеси жоголуп, кийинчерээк табылган соң анын баракчаларында кандын изи бар экенин айтып, ичиндеги фактылар ошол замат бурмаланган деп шектенет.

- Алып келген соң баракчалар кан, экинчиден боёлгон жерлер бар экен. Өлгөндөн кийин толтурулган ал документ.



Жабырлануучу тарап күнөөлөп жаткан дарыгерлердин бири, төрөт бөлүмүнүн башчысы Нургүл Момбекова «Азаттыкка» маалымат берүүдөн баш тартты.

- Жок, мен эч кандай маалымат бере албайм. Баардыгы өзүнүн калыбына келгенден кийин ошондо териштиребиз. Биз азыр иштешибиз керек. Бул жактагы аялдарга жардам көрсөтүшүбүз керек, бизде ар бир мүнөт кооптуу...



Баардыгын соттук эксперттик комиссиянын жыйынтыгы аныктайт деген Талас облустук оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев төрөт бөлүмүндө мындай чатактар республика боюнча кездешээрин жашырган жок:

-Үйүндө эмне болгонун, кандай каралганын, эмне себептен суу кетип калганын азыр айтуу кыйын. Ал соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен билинет. Эми бизде эле эмес жалпы Кыргызстан боюнча кайсыл жерде болбосун төрөт үйлөрүндө мындай чатактар көп. Себеби аялдын боюна бүткөндөн тарта денесинде өзгөрүү башталат. Мурунку кеселдери козголот дегендей...



Жыл башынан бери эле алты аял...

Облуста жыл башынан тарта жогорудагыдай канча кейиштүү окуялар катталганын так айта албаган облустук администрациясынын алындагы саламатыкты сактоо тармагы боюнча координатор Нарынбек Искендеров төрөт бөлүмүндөгү мындай көрүнүштөрдү жоюу боюнча алар тарптан иш аракеттер болуп жатканын, бирок мындай учурларды ачыкка алып чыгууга кээде жабыр тарткан тараптар өздөрү тоскоолдук жаратышаарын билдирди:

- Бир жуманын ичинде үч келин ар кандай себептер менен төрөттөн көз жумду. Мисалы бирөөнүн баласы чоң төрөлүп, (5 кг. дан ашык) кан көбүрөөк кетип, кайтыш болуп кеткен. Анан өзүңөр күбө болгон жагдай, азырынча бул фактылар боюнча ким күнөөлү экенин айтуу кыйын. Себептери аныкталып жатат.

Толук такталбаган маалыматтарга таянсак, жыл башынан тарта Таласта төрөттөн алты эне жарык дүйнө менен кош айтышкан. Облустук бийликке болсо мындай окуяларга байланыштуу бир гана арыз түшкөн.

XS
SM
MD
LG