Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Канада Ооганстандагы миссиянын мөөнөтүн узартышы ыктымал


Канада Ооганстандагы контингентинин бир бөлүгүн калтырууну караштырууда. Коргоо министри Питер МакКэй маалымдагандай, АКШ жана НАТО Ооганстандын армиясын машыктыруу жагынан жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Согуштук операция үчүн берилген мандат 2011-жылдын ортосунда аягына чыгууда. Министр бейпилдик күчтөрүнүн алкагында козголоңчуларга каршы күрөшүп жаткан канадалык 2 миң 800 жоокердин эмки жылы үйлөрүнө кайтып келишээрине басым жасады. Канадалык дагы 400 чакты аскер Ооганстандын куралдуу күчтөрүн машыктырууга тартылган. МакКэй машыктыруучуларды Ооганстанда калтыруу чечими кабыл алынса, алар Кандагарда жайгашаарын айтты.

XS
SM
MD
LG