Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Обама: Мьянмадагы шайлоо эркин эмес болду


АКШ президенти Барак Обама Мьянмада өткөн шайлоону “эркин жана адилет эмес” деп сыпаттады. Мумбаиде студенттер менен жолугушуу учурунда Обама көп жылдардан бери Мьянма элине өз келечегин аныктоо укугу берилбей келгенин белгиледи. Аскерий хунта башында турган өлкөдө акыркы парламенттик шайлоо мындан 20 жыл мурун өткөрүлгөн. Ошондо жеңген оппозициядагы партиянын лидери Аунг Сан Су Чи дагы эле камакта кармалууда. Хунта анын жеңишин тааныган эмес. Президент Обама Азиядагы сапарынын алкагында Индияда 2 күн болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG