Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Эки армян Грузияга өзөктүк бомба жасоого жарактуу уранды алып кирүүгө аракеттенишкен


Бул тууралуу грузин тарап билдирүүдө. Өлкөнүн ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жабыр сот жараяны учурунда армян улутундагы эки адам Грузияга өзөктүк бомба жасоого жарагыдай деңгээлде байытылган уранды алып кирүүгө аракеттенишкенин моюнга алышты. Министрликтин өкүлү Шота Утиашвили “Франс Пресс” агенттигинин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, алар баасы 1,5 миллион доллардык уранды Грузиянын өзүлөрүн ислам радикалдары катары көргөзгөн агенттерине сатууга аракеттенишкен.

Грузин президент бул иш тууралуу алгач апрель айында, өзөктүк курал маселесине арналган саммитте дүйнө лидерлерин кабардар кылган. Андагы маалыматтарда грузин бийликтери Тбилисиге келе жаткан поездден дээрлик 90%га байытылган уранды тамекенин кутусуна катып алып жүргөн эки адамды кармаганы айтылган эле.

Эми алар грузин мыйзамдары боюнча он жылдан ашуун мөөнөткө түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG