Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Казакстанда абактагы айыпкерлер курсагын жарган окуя кайрадан катталды


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, он эки айыпкер өз курсагын өзү жарган факты Караганда облусунун аймагында, Долинка кыштагынын жанындагы түрмөдө катталган. Жаза өтөө жайлары тейлеген облустук департаменттин өкүлү Наталья Горина бул фактыны ырастап, учурда окуя тергелип жатканын билдирди. Өз курсагына өзү зыян келтиргендердин баары медициналык жайда экендигин кошумчалады. Укук коргоочу Вадим Курамшиндин айтымында, өз жанына өзүдөрү кол салган айыпкерлер муну менен түрмөдөгү мыйзамсыздыктарга, адам чыдагыс мамилеген нааразылык билдиришкен. Укук коргоочу белгилегендей, ал алган маалыматтар боюнча курсагына зыян келтирген айыпкерлердин төртөөсүнүн абалы оор. Ушуга окшогон окуя Казакстандын ушул жана башка түрмөлөрүндө буга чейин да бир нече ирет катталган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG