Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

АКШ президенти Индиянын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүдөөсүн колдойт


Бул тууралуу Барак Обама дүйшөмбү күнү Индия парламентинде сүйлөгөн учурунда айтты:

-Америка умтулуп жаткан адилеттүү жана туруктуу дүйнөлүк тартип Улуттар уюмунун иши натыйжалуу, эффективдүү, ишенимдүү, баары урматтагыдай болушун да карайт. Ушул жүйөөдөн улам мен бүгүн алдыдагы жылдары биз Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин реформалоого, ага Индия да туруктуу мүчө катары кирүүсүнө умтулабыз деп айта алам.

Мунун алдында АКШ президенти Нью-Делиде, Индия премьер- министри Манмохан Сингх менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында Индия менен Пакистанды диалогко чакырды, бирок Вашингтон алардын ортосундагы Кашмир чатагы жана башка маселелер боюнча чечимди таңуулай албасын белгиледи. Обаманын Индияда аяктап жаткан үч күндүк визити бизнес жаатында ири келишимдерге жетишүү, бир катар чөйрөлөр анын ичинде террорчулукка каршы күрөштө эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөдү.

Азиядагы он күндүк сапарынын алкагында АКШ президенти эртең Индонезияга, андан соң Түштүк Корея, Жапонияга барат. Түштүк Кореяда Чоң жыйырмалыктын, Жапонияда Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG