Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:38

“Альфа” кызматынын апрель окуясындагы ролу тууралуу маалымат жарык көрдү


Анда апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок атты деп күнөөлөнүп жаткан бир катар күч кызматкерлеринин адвокаттар, журналисттер жана укук коргоочулар менен маектешүү учурунда берген көрсөтмөлөрү ачык жазылган. Маалыматты Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун башчысы Виталий Пономарев таратты. Автор бул маалыматтар Бишкектеги кандуу окуяны ар кандай айыңдарга караганда так баалоого мүмкүнчүлүк түзөт жана апрель окуясын иликтөөгө алган мамлекеттик комиссиянын үстүрт докладына караганда маанилүү деп эсептейт.

7-апрель күнү Бишкекте Ак үй тараптан атылган октон жалпысы болуп 87 киши набыт болгону айтылып келет. Алардын баарынын жакындарына мамлекет тарабынан акчалай жардамдар берилген жана курман болгондордун айрымдарына мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. Убактылуу өкмөт апрель окуясын иликтөөгө эл аралык комиссия тартыларын жарыялап, бирок ал ишке ашкан эмес.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG