Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Таласта дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүү талабын улантышат


Төө буурчактын баасы өтө арзан болуп жатканына нааразы болгон дыйкандар бүгүн облус губернатору менен жолугушууну көздөшүүдө. Нааразы тараптын атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” билдиргендей, жолугушууда төө буурчак баасына байланыштуу маселе кандай чечилерине жараша кийинки кадамдар жасалат.

Таластык дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүүнү талап кылып, 6-ноябрь күнү Тараз-Талас-Суусамыр автожолун буушкан. Алар менен президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жолуккандан кийин бааны көтөрүү маселесин чечүүгө бийликке эки күн мөөнөт берип, жолду кайра ачышкан эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG