Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Биринчи Май райондук соту эки партиянын арызын карайт


Бүгүн “Акыйкат” жана “Жашасын Кыргызстан” партияларынын бюллетендерди кайра карап чыгуу, Бишкектеги Ленин заводунда сакталып турган бюллетендердин коопсуздугун сактап, кол тийгиздирбөө жана шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну өтүнгөн арыздары каралат.

Өткөн жума күнү Биринчи Май райондук соту“Замандаш” партиясынын ушундай эле өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарган. Аталган партия райондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап, жогорку сот бутагына кайрыларын маалымдоодо. 10-октябрдагы парламенттик шайлоого 29 саясий партия катышкан. БШК расмий түрдө беш партия: “Ата Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларын шайлоочулардын 5% ашуун добушун алып, утуп чыкты деп тааныган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG