Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Ош: губернатор жер басып алгандарга башка жер убада кылды


Аймактагы кабарчыбыз Эрнис Нурматовдун билдиришинче, жер басып алган элүү чакты адам губернатор Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп чыкты. С. Жээнбеков алар талап кылып жаткан Ош шаарынын жанындагы Ишкеван жана Кызыл-Кыштак айылдарына тиешелүү үлүш жерлер берилбестигин айтты. Жерге муктаж болгондорду өзүнчө штаб түзүп, тизмелерди каттап облус жетекчилерине берүүгө чакырды. Андан кийин шаардын же облустун башка аймактарынан жер алып берүүгө аракет кылабыз, деди С. Жээнбеков. Азыр губернатор Ишкеван жана Кызыл-Кыштакта тарабай турган жүз чакты адам менен жолугушууга баратат. Кечээ ал жактагы айдоо аянттардан жер басып алгандарды милиция күч менен сүрүп чыгарган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG