Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Ж. Жолдошева: “Ата-Журтта” айрым талапкерлерге кысым болуп жатат


“Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева “Азаттыкка” аталган партиянын ичинде айрым талапкерлерге кысым болуп жатканын билдирди. Ал мындай кысымдарга карабай партиянын тизмесинен чыгып, депутаттык мандаттан баш тартпай турганын айтты. Азыр Ош шаардык мэриянын алдында Ж. Жолдошованы колдоп 30 чакты адам нааразылык акцияга чыгышты. Мындан мурда партия лидерлери мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева партия тизмесинен чыгарылды деп билдирген болчу. Кийинчерек Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев Д. Исаева БШКга мандатынан баш тартуу боюнча арыз менен кайрылбаганын маалымдаган. “Ата-Журттун” лидерлери партия ичиндеги кысым-басымдар тууралуу азырынча комментарий бере элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG