Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Дагы 6 объект улутташтырылды


Бул тууралуу вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Улутташтырылган объектилердин төртөө Жалал-Абадда мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевге таандык болгонун, калгандары "Спартак" стадионун кичи аренасы, Спорт ордосунун артындагы курулуш объектиси экени маалымдалды. Кыргыз өкмөтү буга чейин бир катар ири объектилерди улутташтыруу тууралуу чечим чыгарган. Алардан арасында “АзияУнверсалБанк”, “Мегаком”, “Шампанкомбинат” ишканалары, Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттар мамлекеттин карамагына өткөн.

Азимбек Бекназаров бул вице-премьер-министрлик кызматындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйыны экенин да кошумчалады. Жаңы шайланган парламент ишин баштап, башкаруучу коалиция түзүлгөн соң жаңы өкмөттү кураганга киришет. Бирок соттук териштирүүлөр аягына чыга электиктен парламент алгачкы отурумуна качан чогулаары белгисиз бойдон.(EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG