Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Жорж Буш туткундарды сууга чөктүрүп кыйноону актады


АКШда мурдакы президент, кенже Жорж Буштун "Decision Points" же “Чечим чыгарчу учур” деген эскерүү китеби сатыкка чыкты. Буш 8-ноябрда китептин жүз ачарына байланыштуу Ен-Би-Си телеканалына берген интервьюда террорчу деп шектелген адамдарды суракка алуу учурунда аларды сууга чөктүрүү ыкмасын колдонуусун актап, мындай деди:

- Мен өз жардамчыларымдан: “Бул техника мыйзамдуубу?” деп сураганымда, алар: “Ооба,” - деп жооп беришти. Мен: “Анда колдоно бергиле” дедим. Мен силерге айта кетейин: “Бул техниканы колдонуу адамдардын өмүрүн сактады”.

Кенже Буш АКШ башындагы күчтөрдүн Иракта массалык кыргын салчу куралдарды таппаганы аны аябай кыжаалат кылганын жана 2003-жылы Иракка басып кирүү жаңылыштык болгонун мойнуна алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG