Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Ошто жер басып алгандар бийликке үч күн мөөнөт беришти


Бүгүн облустук администрацияга жерге муктаж адамдардын тизмеси тапшырылат. Эгер бийлик үч күнгө чейин турак-жай тургузууга мыйзамдуу жер бербесе, мөөнөтсүз нааразылык акцияларын башталат деп билдиришти “Азаттыкка” жер басып алгандардын штабынан. Алардын маалыматы боюнча 12 кишиден турган атайын комиссия тарабынан турак-жай тургузуу үчүн жерге муктаж адамдардын тизмеси түзүлүп, ага үч миңден ашуун киши кирди.

Ош шаарынын четиндеги Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тиешелүү үлүш жерлерди басып алгандар менен кечээ облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жолугушкан. Ал турак-жай куруу үчүн айдоо аянттарынан жер берилбесин, башка жактан бөлүнөрүн, алгач эң муктаж үй-бүлөлөр үчүн берилерин билдирген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG