Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Гаитиде холера эпидемиясы жайылууда


Гаитиде холеранын эпидемиясы борбор шаар Порт-О-Пренске жетти. Эл аралык саламаттыкты сактоо уюмунун директору Жон Андрус азыр калаада 73 киши дарыланып жатканын айтты. Жалпы өлкө боюнча бул илдеттен 580ден ашуун киши көз жумду, 9 жарым миңден көп киши бейтапканаларга жаткырылды. Эпидемия Гаити былтыркы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюп бүтө элек мезгилге туш келди. Зилзала 250 миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG