Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

“Мекен шейиттери” жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда


Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Жогорку Кеңештин имараты, мурунку Ак үйдүн айланасында “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун жүзгө жакын мүчөсү нааразылык акциясына чыгышты. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышын, мурунку бийликтин тушундагы аткаминерлерди парламентке өткөрбөөнү талап кылышууда.

Алар мындай талап менен буга чейин Ак үйдүн алдында бир канча күндөн бери нааразылык акцияларды өткөрүп келишкен. “Мекен шейиттери” кыймылы депутаттарды каттоону токтотуу тууралуу арыз менен сотко кайрылган болчу, бирок талабы канааттандырылган эмес.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, бир нече киши депутаттык күбөлүк алуу үчүн Жогорку Кеңешке келген "Ар-намыс" партиясынын өкүлдөрүн күтүп, аларды көздөй жумуртка ыргыткан. Жумурткалардын бири "Ар-намыс" партиясынан депутат Турсунбай Бакир уулуна тийгени маалымдалууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG