Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Алатоолук ажылардын визасын алып бараткан Ирандын жараны кармалды


6-ноябрда кыргызстандык зыяратчыларга ажылык үчүн берилген 146 визаны Иран жарандарына кайра каттатып алып бараткан ирандык адам "Манас" аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат билдирди. Бул факт боюнча эки кыргызстандык атуул да колго түштү. УКМК 7-ноябрда Бишкек-Стамбул каттамы менен бараткан кыргызстандык жаран кармалганын, анын жанынан 271 эски үлгүдөгү жана 4 жаңы үлгүдөгү Кыргызстандын жарандарынын жасалма паспорттору табылганын маалымдады. Паспорттор менен кошо туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, бир катар арап мамлекеттеринин расмий органдарынын мөөрү басылган баракчалар чыккан. Азыр бул эки факт боюнча кылмыш иши козголду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Болот Абдрахманов Иран жаранынан табылган визалар боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, бул документтер жасалма болушу мүмкүн экенин, кыргызстандык зыяратчылардын баары өздөрүнүн визаларын алышты, деп айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG