Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Президент парламентти 27-ноябрга чейин өкмөт түзүүгө чакырды


Президент Роза Отунбаева парламентте депутаттарды куттуктап жатып Жогорку Кеңештин азыркы курамы коомдогу көз караштардын чагылышы деп билдирди. Бул чындык менен эсептешүү керектигин, биринчи жолу Жогорку Кеңешке бийликчил эмес партия көп добуш алып келгенин айтты. “Азыр өкмөттүк коалиция кандай түзүлөрүн эч ким билбейт, чыныгы демократия ушундай болушу керек”, - деди Р. Отунбаева. Президент мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жеке кызыкчылактардан баш тарта билүү, жеке амбицияларды тыюу зарылдыгын айтты. Р. Отунбаева шайлоодо жеңген партияларды ымалага келип, 27-ноябрга чейин премьер-министрди бекитип, өкмөттүн иштешине тезирээк шарт түзүп берүүгө чакырды. Жеңген партиялар өздөрүнүн мүчөлөрү менен чектелбей, өкмөткө дасыккан адистерди да тартуусу керектигин белгиледи. Азыр Жогорку Кеңеште коалициялык өкмөт боюнча фракциялык кеңешүүлөрдү өткөрүү үчүн тыныгуу жарыяланды. Бул тыныгуу канчага созулаары азырынча белгисиз. (EBM)

XS
SM
MD
LG