Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Сот “Жашасын Кыргызстандын” арызын канааттандырган жок


Кабарчыбыздын маалымдашынча, Бишкектеги Биринчи май райондук соту бүгүн “Жашасын Кыргызстан” партиясынын шайлоого байланыштуу арызын карады. Судья Эмил Аксамаев аталган партия сотко документтерди кеч тапшырганын айтып, керектүү далилдер менен камсыз кылбагандыктан улам арызды канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарды. “Жашасын Кыргызстан” шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылып жаткан. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын да арызы каралды. Азыр судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG