Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Обама Индонезияны "үлгүлүү" мамлекет деп мүнөздөдү


Индонезиядагы визитин аяктап жатып АКШнын президенти өлкөнүн автократиялык системадан демократияга ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, өлкөгө толеранттуулук рух үстөмдүк кылган, заманбап, эли бардар турмушта жашаган жана өнүккөн исламдык демократиялуу мамлекеттин үлгүсү катары жогору баа берди:

- Биз эки бөлөк жол менен жүргөн өлкөлөрбүз. Бирок жүз миллиондогон эли бар, бөлөк диндерди карманган биздин өлкөлөр эркиндиктин байрагы астында бириге алаарын көрсөтүштү.

Жакартадагы Индонезия университетинде сүйлөгөн Обама АКШ эч качан ислам дини менен согушпаганын белгилеп, ошондой эле зөөкүр экстремиссттерге каршы биргелешип күрүшүүгө чакырды. Обама Индонезиядан кийин Түштүк Кореяга келди. Мында ал бейшемби күнү ачылып жаткан өнүккөн 20 өлкөнүн саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG